VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтуп жатат. Айтыштын биринчи айлампасына жалпы 16 акын катышып, калыстар тобунун чечими менен жарым финалга 8 акын жолдомо алды. Кызыл тилди кайрап чечендигин көрсөтүп, кыргыз-казак элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана бүгүнкү күндүн маанилүү маселелерин ырга салган акындардын кимиси байгени багындырат 4- сентябрда белгилүү болот.
Жарым финалга өткөн акындар:
Кыргыз акындары:
1. Элмирбек Иманалиев
2. Акматбек Султан уулу
3. Нурсултан Малдыбаев
4. Кутман Садыбакасов
Казак акындары:
1. Мухтар Ниязов
2. Нурлан Эсенкулов
3. Мейирбек Султанхан
4. Хазырет Бердихан