ДКО 2026: Алыш күрөшү боюнча кыргыз балбандары 3 алтын алды
Новость

2-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш күрөшү боюнча мелдештер өттү. Мелдешке дүйнөнүн 39 мамлекетинен 121 спортсмен катышты.

Алыш күрөшү боюнча мелдештер эркин жана классикалык күрөш стилдеринде өткөрүлүп,Кыргызстандын курама командасынын спортсмендери эки стилде тең ийгиликтүү күч сынашты.

 Байге ээлери:

 Классикалык стиль:

60 кг чейин:

1-орун — Мингалиев Илфат (Россия)

2-орун — Сапаров Роман (Кыргызстан)

3-орун — Хейдаримен Аболфазл (Иран)

3-орун — Турмаханбет Калмухан (Казакстан)

 

80 кг чейин:

1-орун — Өмүрзаков уулу Мыктыбек (Кыргызстан)

2-орун — Нурбердиев Мекхан (Түркмөнстан)

3-орун — Нусейнов Ариз (Азербайжан)

3-орун — Зулкарнаев Артур (Россия)

 

100+ кг салмак ченинде: 

1-орун — Ранис Гилиадинов (Россия)

2-орун — Ливиа Малуда (Молдова)

3-орун — В. Нуйсейн (Болгария)

3- орун — Баасанжав Муханбаяр (Монголия)

 

Эркин стиль:

 

60 кг чейин:

1-орун — Абидинов Баяман (Кыргызстан)

2-орун — Дурдиев Абдурасул (Түркмөнстан)

3-орун — Игор Бласзак (Польша )

3-орун — Абубакиров Жандос (Казакстан)

 

80 кг чейин:

1-орун — Аманов Айболот (Кыргызстан)

2-орун — Нуриев Силаберди (Түркмөнстан)

3-орун — Искомбаев Денис (Россия)

3-орун — Хурелбаатар Хатанболот (Монголия)

 

100+ салмак ченинде:

1-орун — Нурмухаммед Байдогдиев (Түркмөнстан)

2-орун — Абдукаимов Ахрорбек (Кыргызстан)

3-орун — Амбаланбаатар Ныямсерен, (Монголия)

3-орун — Нурсултан Кожагелди (Казакстан)

 

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 3 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алды.

 

Байге ээлерине төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:

1-орун- 150.000 сом

2-орун -100.000сом

3- орун - 80.000сом.