2-сентябрь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында акыл оюндары боюнча мелдештердин расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев мелдешке катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында акыл оюндарынын үч түрү — мангала, овари жана тогуз коргоол боюнча мелдештер өтүүдө.
Аталган мелдештерге 53 өлкөдөн жалпы 332 спортчу катышууда.
Акыл оюндары көчмөн элдердин интеллектуалдык жана маданий мурасын сактоо, улуттук оюндарды өнүктүрүү жана дүйнөлүк аренада кеңири жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.





