Көчмөндөр оюндарына келгендердин саны 200 миңден ашты
Новость

Көчмөндөр оюндарына келгендердин саны 200 миңден ашты. Бул тууралуу VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. 

Кырчын жайлоосунда VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата оюндарды көрүүгө келгендердин саны 200 миңден ашуун болду.

Жарандарга Чолпон-Атанын ар кайсы аймагынан Кырчын жайлоосуна акысыз маршруттук каттамдар уюштурулган. 

Кечээ 2-сентябрда келген коноктордун саны көп болгондуктан бүгүн кошумча автобустар каттамга кошулду. Жарандарды Кырчын жайлоосуна жана шаарга ташууда азыркы учурда эч кандай тартыштык жок.