УТРК менен TRT Avaz кызматташтыкты чыңдоону талкуулады
Новость

УТРК -TRT Avaz телеканалдары кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына TRT Avaz телеканалынын координатору Йүжел Кылычкайа келди.  TRT Avaz координаторун УТРКнын башкы директору Улан Сатиев кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана келечекте жемиштүү биргеликте кызматташуу боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.
Атап айтканда:
* Акыркы 6 жылда токтоп калган мурдатан түзүлгөн келишимди кайра жандантып тажрыйба алмашуу кызматташтыгын жөнгө салуу;
* Биргеликте көркөм же даректүү сериалдарды тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
* УТРК менен TRT телеканалынын ортосунда масштабдуу телекөпүрөлөрдү уюштуруу.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары да тыгыз байланышта иштешип, маданий-маалыматтык байланыштарды дагы да тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.