VI ДКО: Казакстан 18 миң метр аралыктагы ат чабышта биринчи орунду ээледи
Новость

Бүгүн, 4-сентябрда, Чолпон-Атадагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 18 миң метр аралыкка ат чабыш боюнча мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Казакстандын атынан катышкан «Орда» аттуу жылкы ээледи. Анын чабандеси — Ерсултан Жаркын.

Эске салсак, Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Мелдештердин негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда өткөрүлүүдө.

Оюндарга дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.