Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерди көрүү үчүн Бает айылында фан-зона уюштурулат
Новость


2026-жылдын 6-сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер өтөт. Белгилей кетсек, аталган мелдештерге болгон бардык билеттер сатылып бүттү.

Күйөрмандар үчүн Бает айылында («Ак Марал» жана «Чайка» пансионаттарынын ортосундагы жээк тилкесинде) атайын фан-зона уюштурулат. Ал жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

Фан-зонанын уюштурулушу «Көк бөрү» аренасына бара албай калган күйөрмандарга финалдык мелдештерди биргеликте көрүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын колдоого мүмкүнчүлүк түзөт.