VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык жана көзөмөлдөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Даярдык иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алдын ала жүргүзүлө баштаган. Адистер жайгаштыруу жана тамактануу объектилерин текшерип, алардын санитардык-техникалык абалына, тамак-аш даярдоочу жайлардын даярдыгына, ичүүчү суунун сапатына, ошондой эле жеке жана өндүрүштүк гигиена талаптарынын сакталышына баа беришкен. Объектилердин жооптуу кызматкерлери жана персоналы менен санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда аймактык борборлордон 80ден ашуун адис ишке тартылып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

