Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча коло медаль үчүн мелдеш өттү.
Бул оюнда Россия жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашып, жыйынтык 5:4 эсебинде Россия өлкөсүнүн жеңиши менен аяктады.


