5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча коло медаль үчүн мелдеш өттү.
Бул оюнда Россия менен Тажикстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашты. Россия курама командасынын көк бөрүчүлөрү 3:0 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болушту.