Кырчында "Жашоо жарыш" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы "Көчмөндөр ааламы" этномаданий шаарчасында республикалык "Жашоо жарыш" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. 

Кароо-сынака өлкөнүн аймактарынан жана «Кийиз Дүйнө» этно-бурчунан жалпы алты команда катышты. Катышуучулар чий согуу, уук тазалоо, төшөктү ирети менен жыйуу жана ийрик ийүү сыяктуу салттуу тиричилик жана кол өнөрчүлүк көндүмдөрү боюнча күч сынашты. 
Жыйынтыгында: Баш байге - Ош облусу; 
1-орун - "Кийиз-Дүйнө" коомдук фонду; 
2-орун - Ысык-Көл облусу; 
3-орун - Чүй жана Нарын облустары. 
"Жашоо жарыш" кароо-сынагы кыргыз элинин салттуу көндүмдөрүн сактоого, жайылтууга жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө багытталган.