Жер улактын финалы саат 11:00дөн 13:00гө чейин өтөт. Ал эми көк бөрү боюнча финал саат 14:00дөн 16:00гө чейин болот. Эки финалда тең Кыргызстандын жана Казакстандын курама командалары беттешет.
Бишкекте түз эфирди Турдакун Усубалиев атындагы эски аянттан көрүүгө болот. Ош шаарында фан-зона Алыкбек Датка көчөсү, 221 дарегиндеги борбордук аянтта уюштурулат.
Ысык-Көл облусунда түз эфирди Бает айылында, көлдүн жээгинде, "Чайка Резорт" жана "Алтын Булак" эс алуу жайларынын ортосундагы аймактан, ошондой эле Бостеридеги "Дордой Номад" амфитеатрынан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, фан-зоналар Манас, Талас, Токмок жана Нарын шаарларында, ошондой эле Нарын, Ош жана Баткен облустарынын райондорунда ачылат.