6-сентябрда көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстан жана Казакстандын курама командалары күч сынашты. Эсеп 12:0 менен жыйынтыкталды.
Улакты каршылаш команданын тайказанына Нуржан Мелисбек уулу 3 ирет, Кыязбек Ниязов 2, Муташов Мирбек 2, Байтегин Оморбеков 2 ирет жана Айдаркан Анарбеков, Сейитбек Анарбек уулу, Назар Кошумбаев уулу бирден салым салышты.
Кыргызстандын эсеби Нуржан Мелисбек уулунун улагы менен ачылды. Андан соң Кыяз Ниязов, Байтегин Өмүрбеков, Айдаркан Анарбеков, Мирбек Муташов жана Эрназар Кошунбаев команданын артыкчылыгын бекемдешти.
Өзгөчө Нуржан Мелисбек уулу финалда үч жолу тайказанды таамай таап, хет-триктин автору болду. Кыяз Ниязов, Байтегин Өмүрбеков жана Мирбек Муташов экиден улак салышты.
Кыргызстан беттештин башынан аягына чейин демилгени колдон чыгарбай, атаандашына жооп иретинде бир да улак салууга мүмкүнчүлүк берген жок.
Жыйынтыгында 12:0 эсеби катталып, Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону жана алтын медалдын ээси болду.