Кыргызстан көкпар боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду
Новость

Кыргызстандын көкпар боюнча улуттук курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.

Бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы «Көк-Бөрү» аренасында көкпар боюнча финалдык беттеш өтүп, анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары күч сынашты. Оюн 7:2 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстан беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта демилгени колго алды. Дастан Русланов 1-мүнөттө алгачкы салымды жасап, эсепти ачты. Казакстандык Курманбек Турганбек 9-мүнөттө эсепти теңегенден кийин, Манас Ниязов Кыргызстанды кайра алдыга чыгарды. Көп өтпөй Дастан Русланов дагы бир салым жасап, эсепти 3:1ге жеткирди. Биринчи тайм 3:2 эсебинде аяктады.

Экинчи таймда кыргыз көкпарчылары атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок. Исхак Бекболот уулу эки, Дастан Русланов жана Манас Ниязов бирден салым жасап, жыйынтыктоочу эсепти 7:2ге жеткиришти.

Кыргызстандын салымдары:

Дастан Русланов — 3 салым (1, 12, 24-мүнөттөр);
Манас Ниязов — 2 салым (11, 33-мүнөттөр);
Исхак Бекболот уулу — 2 салым (22, 40-мүнөттөр).

Казакстандын курамынан Курманбек Турганбек жана Ынтымак Алипбаев бирден салым жасашты.

18-мүнөттө Өмүрбек Эсен уулу салым жасаган, бирок калыстар оюн ышкырыкка чейин башталганын белгилеп, аны эсепке алган жок.

Ошентип, Кыргызстан экинчи таймды 4:0, жалпы беттешти 7:2 эсебинде утуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көкпар боюнча алтын медалын жеңип алды.