VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өттү
Новость

6-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарына арналган жыйынтыктоочу пресс-жыйыны өттү. Иш-чарада оюндардын спорттук жана маданий программаларынын жыйынтыктары, эл аралык катышуу, коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык чагылдыруу боюнча негизги көрсөткүчтөр айтылды.

Пресс-жыйынга  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Салкын Сарногоева жана Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максутов.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында өлкө боюнча 600дөн ашуун иш-чара уюштурулду. Алардын катарында эл аралык фестивалдар, концерттер, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, көргөзмөлөр, мастер-класстар, айтыштар, чыгармачылык сынактар жана этномаданий долбоорлор өттү.

Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы уюштурулуп, анда Кыргызстандын бардык аймактарынын маданияты, улуттук кол өнөрчүлүгү, ашканасы, музыкасы жана салттуу өнөрү кеңири көрсөтүлдү.

«Рух Ордо» маданий комплексинде өткөн «Көчмөндөр санаты» эл аралык фестивалына 38 мамлекеттен келген өнөрпоздор катышты. Мындан тышкары, «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык фестивалы, NOMAD FEST, Art Lab чыгармачылык лабораториясы жана башка маданий долбоорлор өткөрүлдү.

Оюндарга жана анын алкагындагы маданий иш-чараларга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн белгилүү маданият, кино жана спорт өкүлдөрү катышты.

Алардын арасында Лео Рохас, AY YOLA тобу, Роза Зергерли, MORIOX KIDS балдар бий тобу, Валентина Шевченко, Дмитрий Бивол, Бай Лин, Дон «Дракон» Уилсон, Наталья Аринбасарова, Збигнев Жмудский, Эркен Ялгашев, Коен Мадрид жана башка эл аралык коноктор болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү ЖМК өкүлү аккредитациядан өтүп, 250гө жакын чет элдик журналист Кыргызстанга келди. Оюндар салттуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана санариптик платформаларда кеңири чагылдырылып, Кыргызстандын маданияты, тарыхый мурасы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү эл аралык аудиторияга таанытылды.

Жыйынтыктоочу пресс-конференцияда көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга байланыштуу билет маселеси боюнча да маалымат берилди.

Уюштуруу комитети билет сатып алып, бирок коопсуздук чараларына жана көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу финалдык оюндарга кире албай калган же каралган орундарга отура албаган көрүүчүлөргө билеттин толук баасы - 1000 сом кайтарылып берилерин маалымдады.

Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөндүгүн тастыктаган чек же квитанцияны nebs@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

Кайрылуулар Улуттук электрондук билет системасындагы маалыматтар менен салыштырылып текшерилгенден кийин каражат кайтарылып берилет.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт менен маданиятты айкалыштырган ири эл аралык иш-чара катары Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктагы маданий имиджин бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болду.