Канат Сагынбаев Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынан билдиришти.
Сагынбаев Канат Латипжанович бул кызматка 2025-жылдын 4-сентябрында дайындалган. Буга чейин ал министрдин милдетин аткарып келген.
Ошондой эле бүгүн Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги министрлик кызматка дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.