Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YZi Labs (мурдагы Binance Labs) тарабынан колдоого алынган, санариптик инфратүзүмдү иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.
Салыктык башкаруунун санариптик инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле жасалма интеллект технологияларын Мамлекеттик салык кызматынын негизги аналитикалык тутумдарына интеграциялоо мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Өзүнчө ата мекендик IT-потенциалды өнүктүрүү жана жергиликтүү адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды. Тактап айтканда, жасалма интеллект жана санариптик чечимдер жаатында заманбап технологиялар жана практикалык көндүмдөргө ээ болуу боюнча окутуу жөнүндө талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар өз ара кызматташууну улантууга жана салыктык башкарууну андан ары санариптик трансформациялоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.


