УТРК 30-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөткөн иш-чараларды чагылдырды. Аларды социалдык тармактарда жайылтуунун аркасында болуп көрбөгөндөй рекорд жаратты.
YouTube боюнча негизги статистика:
Жалпы көрүүлөрдүн саны акыркы 7 күндүн ичинде УТРК каналында гана 7 миллион 840 миң 107. Колдонуучулар жалпысынан 731,3 миң саат убактысын түз эфирлерди жана видеолорду көрүүгө сарпташты, бул мурунку жумага салыштырмалуу 629%га көп.
Түз эфирлер эң чоң үлүштү ээлеп, 4,4 миллион көрүүгө жетти (56,4%). Видеолор - 1,8 миллион көрүү (22,8%), кыска видеолор 1,6 миллион көрүү (20,8%).
Түз алып берүүлөрдү жана видеолорду Кыргызстандан тышкары дүйнөнүн чар тарабынан мекендештер жана чет элдик күйөрмандар да активдүү көрүштү. Мисалы Кыргызстанда - 65,7, Россия - 5,7%, Казакстан - 2,6%, Өзбекстан: 2,2%, АКШ - 0,8% көрүүчүлөр иш-чараларды түз эфирден көрө алышты.
Эң көп көрүлгөн берүүлөр VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду. Аны YouTube платформасында эле 788 миңден ашуун жолу көрүшкөн.
Мындан тышкары көк бөрү мелдешинин финалы бир күн ичинде 504 миңден ашык көрүү жыйнаган.
УТРКнын Facebook баракчасында да жигердүү өсүү байкалып, көрүүлөрдүн саны 6,3 миллионду түздү. Бул мурунку мезгилге салыштырмалуу 120,3%га көп. Ал эми уникалдуу көрүүчүлөрдүн саны 526,9 миңге жеткен.
Бул рекордук көрсөткүчтөр УТРКнын заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейгенин жана өлкөдөгү эң ири масштабдуу чагылдырууну камсыз кылгандыгын айгинелейт.
УТРКнын Инстаграм платформасындагы баракчасы да эң жогорку көрүү көрсөткүчтөрүнүн бирин көрсөттү.
Жалпы көрүүлөрдүн саны 22,920,138, уникалдуу көрүүчүлөр - 2,392,560 колдонуучу болду.




