Энергетика министри күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды
Новость

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча энергетикалык компаниялардын, уюмдардын жана ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министр энергетика тармагынын жетекчилерине жана кызматкерлерине ири эл аралык эки иш-чараны ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жигердүү жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде 600дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн күнү-түнү режиминде иштеп, негизги объекттерди жана аянтчаларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылышты. Ишти уюштурууга энергетикалык компаниялардын жетекчилери, Энергетика министрлигинин кызматкерлери жана тармактык уюмдардын адистери тартылып, алар жеринде жана көчмө жумушчу топтордун курамында иштерди ыкчам координациялап, энергетикалык инфраструктура объекттеринин туруктуу иштешин камсыз кылышты.

«Мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү энергетика тармагы үчүн маанилүү кесиптик тажрыйба болду. Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жөндөмдүү экенибизди көрсөттүк. Алдыбызга коюлган милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи Алтынбек Рысбеков.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтө турган 11–12-сентябрь күндөрү Талас облусунда энергетикалык инфраструктура объекттеринин сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында Алтынбек Рысбеков энергетикалык объекттерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоонун өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи. Тармактык уюмдардын жетекчилерине бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүү жана пландаштырылган оңдоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.