Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кеңештин жыйынында бир катар тапшырмалар берилди
Новость

Бүгүн, 8-сентябрда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча Кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, 2026-жылга карата социалдык маанилүү 9 азык-түлүк товарларынын баланстары жана 2027-жылга карата пландар талкууланды.

Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, азык-түлүк рыногунун туруктуулугун камсыздоо, импорт, бааларды жөнгө салуу, мамлекеттик резерв, логистика жана калктын сапаттуу тамактануусу боюнча маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин тиешелүү түзүмдөрүнө күзгү жана жазгы талаа иштерин бирдиктүү план менен жүргүзүү, эт рыногундагы ишти күчөтүү, географиялык агрардык-өнөр жай зоналарын практикалык баскычка өткөрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүү боюнча 2027–2031-жылдарга карата программаны жана цитрус өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо милдети коюлду.

Эрлист Акунбеков жооптуу жетекчилерге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, бааларды турукташтыруу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана мыйзамдык базаны жаңылоо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Анын ичинде 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товары боюнча ыкчам аракеттенүү протоколдорун иштеп чыгуу, түз сатуу механизмин күчөтүү жана ички рынокту жетиштүү көлөмдө товар менен камсыздоо тапшырылды.

Ошондой эле географиялык агрардык-өнөр жай зоналарынын (ГАПЗ) концепциясын даярдоо жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы негизги иштерге жума сайын мониторинг жүргүзүү милдети коюлду.

Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү программасын даярдоо, азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдарды жана керектөө нормаларын жаңылоо, туура тамактануу боюнча маалыматтык-окутуу программасын иштеп чыгуу жана Азык-түлүк коопсуздугу институтунун ишин күчөтүү боюнча да тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бир катар түрлөрү боюнча ички өндүрүш калктын керектөөсүн толук камсыздоого жетиштүү.

Тактап айтканда, картошка менен камсыз болуу деңгээли 163 пайызды, жашылча жана коон-дарбыз 153 пайызды, сүт жана сүт азыктары 112 пайызды түзөт.

800482344_18121489457475972_6394904733895822909_n.jpg 68.98 KB