Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында өлкөнүн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча Кеңешинин жыйыны болду
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча Кеңешинин жыйыны болуп өттү. 

Отурум тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда болуп, Кеңештин бул жолку жыйынында негизинен азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, 2026-жылга 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча баланстар жана 2027-жылга пландар тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле, ички жана тышкы тобокелдиктер, айрым товарлардын импорту, бааларды турукташтыруу, күйүүчү-майлоочу материалдар жана логистика, мамлекеттик резерв, калктын тамактануусу, Кеңешке караштуу илимий-изилдөө институтунун иши боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө далилдүү сунуштар айтылып, тиешелүү чечимдер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынгандан кийин МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, кабыл алынган чечимдерди кагаз жүзүндө калтырбай ишке ашыруу милдети турганын белгилеп, мамлекеттик органдардын тийиштүү жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. 

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча Кеңешинин жыйынында төмөндөгүдөй милдеттер жана тапшырмалар коюлду: 

-    өлкөнүн 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча ыкчам аракеттенүү протоколдорун иштеп чыгуу; 

-    эт рыногу боюнча ишти күчөтүү;

-    географиялык агрардык-өнөр жай зоналары боюнча ишти практикалык баскычка өткөрүү; 

-    күзгү талаа иштерин жана 2027-жылдын жазгы талаа иштерине даярдыкты азыртан бирдиктүү план менен жүргүзүү;

-    жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча 2027–2031-жылдарга программаны конкреттүү өндүрүш долбоорлору менен иштеп чыгуу;

-    цитрус өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча өзүнчө системалуу сунуш даярдоо; 

-    азык-түлүк коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук базаны жаңылоо жана физиологиялык керектөө нормаларын тактоо;

-    фермерлердин жана керектөөчүлөрдүн коопсуз жана туура тамактануу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу ишин системалуу негизге өткөрүү; 

-    Кеңешке караштуу Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча илимий-изилдөө институтунун иши формалдуу эмес, мындан ары туруктуу аналитикалык борбору катары да иш жүргүзүү зарыл;

-     Аткаруу тартиби боюнча талапты дайымкыдай аткаруу. 

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жогоруда коюлган милдеттердин мөөнөтүн өткөрүп же тапшырмалар формалдуу аткарылса жооптуу жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралаарын эскертти. 

“Азык-түлүк коопсуздугу – бул бир министрликтин же бир ведомствонун маселеси эмес, ал өндүрүштөн тартып сактоого, кайра иштетүүгө, логистикага, мамлекеттик резервге, соодага, баага жана калктын тамактануусуна чейин бүтүндөй системанын туруктуулугу. Ошондуктан бардык мамлекеттик органдардан так координацияны, ыкчам чечимдерди жана өлчөнүүчү натыйжаны талап кылам. Кеңештин бүгүнкү чечимдери жана берилген тапшырмалары белгиленген мөөнөттөрдө сапаттуу аткарылууга тийиш”, – деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков.