Курулуш министрлиги: Жаңы мектепте окуучулар үчүн парта жана отургучтар жок деген маалымат чындыкка дал келбейт
Новость

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы 750 орундуу жаңы мектепте окуучулар үчүн парта жана отургучтар жок деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, мектеп долбоорго ылайык 750 окуучуга эсептелип, тиешелүү сандагы парта-отургучтар, окуу үчүн зарыл болгон эмеректер, жабдуулар жана башка инвентарлар менен толук камсыздалган.

Билим берүү мекемеси эки нөөмөттө иштеген учурда 1500 окуучуга чейин билим алууга шарт түзүлөт.

Ак-Ордо конушундагы жаңы мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу окуу корпусу төрт блоктон турат.

Учурда мектептин курулуш иштери толугу менен аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даяр. Жакынкы күндөрү мектептин расмий ачылыш аземи өткөрүлөт.

Министрлик коомчулукту социалдык объектилер тууралуу такталбаган жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.