УКМК: Ошто ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды саткан эки адам кармалды
Новость

УКМК баңгизат каражаттарын, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук препараттарды Кыргызстанга алып кирүү жана сатуу менен алектенген трансчек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган топ мыйзамсыз ташылып келген заттарды Ош шаарынын аймагында сатуу каналын уюштурган.

Атайын операциянын жүрүшүндө 4-сентябрда психотроптук заттардын ири партиясын сатуу учурунда С.у.Н. жана И.М.Х. аттуу эки адам кылмыш үстүндө кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда УКМК кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштерин улантууда.