Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө 11 позицияга жогорулады
Новость

2026-жылдын 8-сентябрында Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияда PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын, ведомстволук уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш-чарага Zoom платформасы аркылуу онлайн катышып, изилдөөнүн жыйынтыктары менен түз эфирде таанышты.

PISA-2025 изилдөөсүнө дүйнөнүн 91 өлкөсүнөн 762 миңге жакын окуучу катышкан. Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин изилдөөгө кайрадан катышып, тестти биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды.

Изилдөөнүн негизги багыты катары табигый-илимий сабаттуулук тандалган. Мындан тышкары, окуучулардын математикалык жана окуу сабаттуулугу, ошондой эле моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрү бааланды.

Кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 балл, математикалык сабаттуулук боюнча 364 балл, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү.

Маалыматка ылайык, 2006 жана 2009-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү болгон. Мурунку PISA циклдеринде Кыргызстан акыркы орундарда болсо, PISA 2025тин жыйынтыгы боюнча 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады.