Зимбабведен келген делегация Улуттук тарых музейине барышты
Новость

2026-жылдын 8-сентябрында Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган Зимбабве Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине келди. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Зимбабве делегациясынын өкүлдөрү музейдин Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мезгилдерге арналган экспозициялары, ошондой эле кыргыз элинин материалдык жана руханий маданий мурастары менен таанышты.

Конокторго кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, бай маданий мурасын, каада-салттарын, үрп-адаттарын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган тарыхый жана маданий баалуулуктар көрсөтүлдү.

Экскурсиянын соңунда Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды. Ал жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, музейдин экспозицияларында кеңири чагылдырылган Кыргызстандын бай тарыхый жана маданий мурасына жогору баа берди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине баруу Зимбабве Республикасынын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын маданий программасынын маанилүү бөлүгү болуп, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достук байланыштарды бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташтыктын маанилүү ролун көрсөттү.