УКМК: Ош шаарындагы медициналык колледжде коррупциялык схема аныкталды
Новость

УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарындагы медициналык колледжде коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы медициналык колледждин кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Л.Д.М. абитуриенттерди бюджеттик негизде окууга кабыл алуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн системалуу түрдө акча каражатын алып турганы аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин эскертип, жарандарды бул чөйрөдөгү коррупциялык фактылар тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө чакырды.

Аннотация 2026-09-09 103326.jpg 58.08 KB