Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.
Мамлекеттик катчынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар!
Сиздерди улуттук маданиятыбыздын улуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Комуз – кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын үнү.
Жазма маданият кеңири жайыла элек замандарда эле элибиз өзүнүн тарыхын, санжырасын, нарк-насилин, дүйнөгө болгон көз карашын сөз, эпос, обон жана күү аркылуу муундан муунга өткөрүп келген. Ошол улуу руханий көчтүн башкы коштоочуларынын бири – комуз!
Кыргыздардын салттуу маданиятындагы комуздун ордун тастыктаган маанилүү булактардын бири – «Манас» эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында комуздун колдонулушу жана жасалышына байланыштуу маалыматтар кездешет.
Монголиянын аймагында жүргүзүлгөн археологиялык ачык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө комуз табылып, алардын айрымдары эрте орто кылымдарга, анын ичинде VIII–IX кылымдарга таандык экени белгиленет. Бул археологиялык материалдар Борбордук Азиянын көчмөн элдеринин арасында кыл аспаптардын байыртадан эле кеңири колдонулганын жана алардын музыкалык маданиятында маанилүү орун ээлегенин көрсөтөт.
Кылымдар аралыгында кыргыз күү өнөрүнүн бай казынасы жаралып, комуз чертүүнүн өзгөчө салттары, күүчүлүктүн кайталангыс мектептери калыптанган. Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай баштаган залкарлар бул улуу өнөрдү жаңы бийиктикке көтөрүп, кыргыз маданиятына баа жеткис руханий мурас калтырышты. Алардын күүлөрү бүгүн да өзүнүн көркөмдүк күчүн жоготпой, өткөн менен бүгүнкүнү, ата-баба менен урпакты байланыштырып турат.
Бүгүн биздин алдыбызда турган милдет – ата-бабадан калган бул улуу мурасты аздектеп сактоо менен гана чектелбестен, анын үзүлбөгөн уландысын камсыз кылуу. Анткени тарыхый эс тутуму бекем, руханий дөөлөттөрүнө таянган эл гана өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз жүзүн, өз үнүн жана өз жолун сактай алат. Улуттук маданиятты сактоо – өткөнгө гана таазим кылуу эмес, келечек алдындагы жоопкерчилик.
Бүгүн кыргыз комузунун күүсү Ала-Тоонун төрүндө гана эмес, дүйнөнүн ар кыл сахналарында жаңырып, элибиздин бай маданиятын, тарыхын жана руханий дүйнөсүн таанытып келет. Комуздун мукам добушу аркылуу дүйнө кыргыз элинин жан дүйнөсүн, эркиндикти сүйгөн мүнөзүн жана кылымдардан келе жаткан нарк-насилин таанып жатат.
Элибиздин ынтымагы бекем, мамлекетибиздин келечеги кең, Кыргызстаныбыздын жолу байсалдуу болсун!
Комуз күнү кут болсун! Кылымдарды карыткан комуз күүсү түбөлүк жаңыра берсин!”.