Эмгек мигранттарын ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу боюнча санариптик кызматтар ишке киргизилди
Новость

 Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну алуу дагы да жеңилдеди. Эми алар мамлекеттик органдарга барбастан, электрондук түрдө ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу полисин аралыктан тариздей алышат. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой кызматты алуу үчүн "Түндүк" мобилдик тиркемесине катталуу зарыл. Катталуу уюлдук телефондун номерин колдонбостон эле жүргүзүлөт.

Каттоодон өткөндөн кийин салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү «Түндүк» платформасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу жүзөгө ашырылат.

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үч тарифи жеткиликтүү: 10%, 8% жана 2%.

Колдонуучу өзүнө ылайыктуу вариантты тандап, электрондук камсыздандыруу полисин тариздеп, аны Visa, Mastercard же «Элкарт» банк карталары аркылуу онлайн төлөй алат.

Зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтык системалары менен интеграциялоо аркылуу автоматтык түрдө текшерилет.

Бул кызмат Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» ачык акционердик коомунун «Өкмөттүк акселераторлор» аттуу 100 күндүк программанын алкагындагы биргелешкен ишинин жыйынтыгында ишке киргизилди.

Жаңы кызмат эмгек мигранттарына кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзөт.