Рысбай Абдыкадыровго "Эмгек Баатыры" наамы ыйгарылды (каза болгондон кийин)
Новость

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго "Эмгек Баатыры" наамы ыйгарылды (каза болгондон кийин). 

Рысбай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кызыл-Булак айылында туулган. Ал кичинекей кезинен эле музыкага кызыгып, 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Абдыкадыров эмгек жолун туулган жери Кара-Кулжадагы элдик театрдан баштап, кийин Жалал-Абад шаарындагы театрда эмгектенген. 

Залкар музыкант жана аткаруучу Рысбай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" сыяктуу ырлары менен музыка дүйнөсүнө кеңири таанылган. Кыска өмүрүндө таланттуу музыкант кийинки муунга бүгүнкү күнгө чейин аткарылып келе жаткан бир катар чыгармаларын мурас кылып калтырган.

Рысбай Абдыкадыров узакка созулган оорудан улам 1994-жылы 53 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.