Президент бир катар мамлекеттик ишмерлерге "Эмгек Баатыры" наамын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду
Новость

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Анда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу жарлык чыгарылганы тууралуу айтылат. 

Кыргыз Республикасынын "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылган ишмерлер:

Муратбек Бегалиев - А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор;

Бектур Исаков - Нанаев Касымкул атындагы Арал жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Талас району, Талас облусу;

Суйунбек Касмамбетов - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Дуйша Кудаяров - И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неонатология курсу менен госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы;