Сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда каза болгон суучулга "Эрдик" ордени ыйгарылды
Новость

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык,Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун терең суудагы куткаруучу- суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант Аскарбек Казыбеков (каза болгондон кийин) "Эрдик" ордени менен сыйланды.

Суучул Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган.  2026-жылы 27-июнда Талас облусунда  издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.