Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
"Эрдик" ордени менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник Максатбек Бусурманкулов сыйланды.
"Даңк" ордени менен сыйланган ишмерлер:
Какиш Боронбаева - "Юкор Строй Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш бөлүмүнүн прорабы;
Эльчибек Джантаев - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Абдилашим Исраилов - "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти;
Кайыпбек Кадыралиев - Нарын облустук бириккен ооруканасынын врач-кардиологу;
Кубанычбек Кантороев - Кыргыз Республикасынын жол тармагынын ардагери;
Гүлбүбү Курманбекова - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин табигый илимдер факультетинин деканынын милдеттерин аткаруучу;
"Достук" ордени менен Өзбекстан Республикасынын маданий ишмери, жазуучу жана журналист Ахмаджон Мелибоев сыйланды.
"Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын профессору Акматали Алимбековго ыйгарылды.
"Кыргыз Республикасынын эл врачы" ардак наамы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын «Ак-Суу» реабилитация бөлүмүнүн балдар врач-невропатологу
Чынара Ажибеделовага, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун чоңдордун кардиохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Мамытбек Акылбековго ыйгарылды.
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамын алган маданий кызматкерлер:
Уланмырза Карыпбаев - театр режиссеру, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театранынын көркөм жетекчиси;
Боромбай Кулахматов - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;
Темирлан Сманбеков - Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти;
Болот Тентимышов - театр жана кино актеру, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси;
Самидахан Халматова - Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти;
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы жазуучу, киносценарист, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү Женишгул Озбековага берилди. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Атантай Акбаровго ыйгарылды. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы Сатар Айтиевге берилди.
"Кыргыз Республикасынын жаратманы" ардак наамына мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын ардагери Таштанбек Акматов жана
"Энсилитек" (EnsiliTech) британиялык биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бата университетинин химия профессору Асель Сартбаева татыктуу болушту.
"Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамы акын Анатай Өмүрканов менен Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти
Саламатхан Садыковага ыйгарылды.
"Ардак" медалы менен сыйланган ишмерлер:
Абдраимов Төлөгөн - Б. Шамеев атындагы Ат-Башы райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-рентгенологу;
Абдувалиев Махмуд - пенсионер, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүнүн ардагери;
Абыканова Бүбүжамал - Жоробек Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
Акназаров Каримжан - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун клиникалык ординатура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы;
Анарбаева Дина - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору;
Арипова Айгуль - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
Асанов Иманакун - Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун ардагери;
Базаркулова Нурсыйда - Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин химия жана биология мугалими, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу;
Баялиев Замирбек - Кыргыз улуттук «Манас» театрынын артист-манасчысы;
Бедаш Виктор - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
Букуева Тумарча - Сулайман Иманбаев атындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун «Талды-Суу» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк врачы;
Галынин Игорь - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 83101-аскер бөлүгүнүн башкармалыгынын башчысы, полковник;
Джорбаева Айна - доцент, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы гигиена кафедрасынын башчысы;
Жунусалиев Дыканали - Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачынын облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясы жүктөлгөн орун басары;
Касымов Мирлан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Чүй району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 24 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн команда башчысы, улук прапорщик;
Кендирбаева Умсунай - Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;
Кудайбергенов Беделбек - Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин стол тенниси боюнча машыктыруучусу;
Кыдырбаев Улук - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
Мусаев Нурлан - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары;
Недикова Юлия - Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын № 1 Кусеин Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
Ормокоев Рустам - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы, полковник;
Салиева Айсалкын - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Сапрыкина Валентина - Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын транспорт бөлүмүнүн диспетчери;
Сартов Нурманбет - И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскердик-медициналык даярдоо жана экстремалдык медицина кафедрасынын окутуучусу, медициналык кызматтын полковниги;
Сатарова Гульмира - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясынын экономика, инвестициялар, өнөр жай жана курулуш бөлүмүнүн башчысы;
Такырбашев Кумар - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) суучулдар мектебинин окутуучусу;
Төрөгелдиев Амантур - Нарын «Суу канал» ишканасынын ардагери;
Тууганбаев Жыргалбек - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин ыкчам башкармалыгынын башчысы – штаб башчысынын орун басары, полковник;
Умаралиев Эмилбек - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин мониторинг жана илимий ишти координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Юсупов Рахимжан - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасынын директору.