Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришти
Новость

9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Алсак, төмөнкү жаңы дайындалган жетекчилер ант беришти:

- Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев; 

- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.