Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвада ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасынын абалы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү интеграциялык өз ара аракеттенүүгө тиешелүү 48 маселе каралды.

Айрыкча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн жана 2026–2027-жылдарга айыл чарба продукциясынын, тамак-аш азыктарынын жана айыл чарба чийки затынын негизги түрлөрү боюнча суроо-талап менен сунуштун баланстарынын биргелешкен божомолдорунун долбоору каралды.

Биргелешкен божомолдор жалпы рыноктун тең салмактуулугун камсыз кылууга, мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган.

Ошондой эле 2025-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын абалы тууралуу маселе каралды. 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5,9 млрд АКШ долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге өстү.

Жыйында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу интеграциялык долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Атап айтканда, транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынан тизмеге «Луговой – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү долбоору, «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад» темир жолун куруу долбоору, ошондой эле Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору киргизилди.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарында «Чыгыш – Батыш» жана «Түндүк – Түштүк» багыттары боюнча, анын ичинде Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси менен байланыштыруу алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын өз ара соодалоонун Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ЕЭК Кеңешинин чечиминин долбоору каралды.

Санариптик күн тартибинин алкагында 2027-жылы ЕАЭБдин интеграциялаштырылган маалыматтык системасын түзүү, анын иштешин камсыз кылуу жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды.

Ошондой эле ЕАЭБдин жалпы рыногунда медициналык буюмдардын жүгүртүүсүн жөнгө салууну өркүндөтүү маселеси каралды. Атап айтканда, медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо Эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр талкууланды. Алар жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө жана мүчө мамлекеттердин рыногуна сапатсыз продукциянын кирүүсүн алдын алууга багытталган.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

6aa1b1dedd4b2-thumb.jpg 511.27 KB