Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Объекттин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери толук аяктап, мектеп жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга даяр.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 226 миллион сомду түздү.
Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана мугалимдердин иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Тактап айтканда, имаратта негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапаты ар бир этапта текшерүүдөн өткөрүлдү.