Бишкектин Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу аяктады
Новость

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Объекттин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аяктап, мектепке эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 342 миллион сомду түздү.

Долбоордук кубаттуулугу 750 окуучуга ылайыкталган мектеп үч кабаттан турат. Имарат заманбап үлгүдөгү панелдик типте курулган.

Мектепте окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүүчү кабинеттер, медициналык жана стоматологиялык бөлмөлөр, жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган спорт зал каралган.

Белгилей кетсек, аталган мектеп Ак-Ордо конушунда жаңынан курулган үч мектептин бири болуп саналат.