Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун көтөрүү аземи өттү
Новость

11-сентябрда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун көтөрүү аземи өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Талас облусундагы өкүлү жана шаар мэри катышты.

Иш-чара Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналды.