Нарын облусунда сегиз объекти колдонууга берилет. Ачыла турган объетилердин алтысы мектеп болсо, бири бала бакча, дагы бири административдик имарат.
Бүгүн, 11-сентябрда социалдык обьектилер президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда ачылып, пайдаланууга берилет.
Алар:
1. Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы 150 орундуу мектеп;
2. Жумгал районунун Лама айылындагы Лама атындагы 100 орундуу мектеп;
3. Кочкор районунун Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы 500 орундуу мектеп;
4. Кочкор районунун Ак-Талаа айылындагы А.Абдыкеримов атындагы 150 орундуу мектеп;
5. Кочкор районунун Кочкор айылындагы Юстиция министрлигинин административдик имараты;
6. Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы И.Иманалиев атындагы 225 орундуу мектеп;
7. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы А.Тыныбеков атындагы 375 орундуу мектеп;
8: Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы 50 орундуу бала бакча.
Ал эми 12-сентябрда төрт өндүрүштүк ишканалардын кызыл тасмасы кесилет.
Алар:
1. Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагындагы “Фурунзе курулуш материалдары” жоопкерчилиги чектелген коомунун асфальт-бетон заводу;
2. Нарын районунун Солтон-Сары кен участогундагы “Авелум портнер” өндүрүштүк заводу;
3. Нарын районунун Э.Дайракунов айыл өкмөтүндөгү “Ченюань” асфальт-бетон заводу;
4. Кочкор районундагы “Ак таш” курушу материалдарын өндүрүүчү завод.




