Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Талас жергесинин кадырлуу тургундары!
Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас,
Жер соорусу турбайбы,
Муну жердеген адам тунбайбы”, -
деп улуу “Манас” баянында айтылгандай, бүгүн уюткулуу кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн очогу болгон касиеттүү Талас жергесинде Эгемендигибизди белгилөө үчүн атайын сапар менен келип турабыз.
“Манас”, “Талас” аты уйкашып, экөө бирдей ар-намыс, ариет, эгемендик түшүнүктөрү менен байланышып, айкалышып келсе, Эгемендик дегенибизде түндүгү нурга бөлөнгөн кырмызы туубуз көз алдыга тартылат.
Мындан улам, касиеттүү Талас жергесинде Эгемендигибиздин 35 жылдыгын белгилөөнү оболу Туу көтөрүү аземи менен баштап олтурам.
Ушул касиеттүү, кут даарыган жерде туруп, жалпы мекендештеримди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү, деми туюнтулган мамлекеттик туубуз элибиздин сыймыгы, журтубуздун биримдиги, мамлекетибиздин тарыхы, ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик.
Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, “Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!” деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги жүрүгүндө уюп, кулагында жаңырып турушу керек.
Бир саамдан соң кызыл туубуз көккө көкөлөп, кең Таластын керимсел желине желбирейт. Бабалардан калган тууну киийнки муунга өңүн оңутпай, салмагын кемитпей өткөрүп берүү бул биздин бүгүнкү ишибизге, тынымсыз аракетибизге байланыштуу.
Биримдигибизди сактасак, тынымсыз эмгек менен мамлекетибизди бекемдесек, балдарыбызга татыктуу тарбия, терең билим берсек кызыл байрагыбыз дайыма бийик желбирейт.
Ошондуктан ушул ыйык Туунун ар дайым көктө желбиреп турушуна кам көрөлү, мээнет төгөлү, жапырт тикебизден тик туралы.
Ардактуу таластык агайын-туугандар!
Мына ушул багыттагы иш-аракетибиздин аркасында Талас шаарында “Акылман” лицейин, мусулман коомчулугу үчүн сыйынуу жайын ачып, “Манас Ордо” комплексин жаңылап, “Айтматов ааламы” даңазалануу алдында турат.
Ал эми облус борборунда элдин ээн-эркин эс алуусуна багытталган атайын аллея, балдарыбыздын көңүлү куунак чоңоюшун, ар тараптуу жетилишин камсыздай турган “Баластан” оюн-зоок борбору курулду.
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн электробустар сатылып алынды. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин филиалына жаңы корпус салынды. Бул Талас шаарынын көркүнө көрк кошууда.
Бул иш-аракеттердин баары өлкөбүздү, анын аймактарын өнүктүрүүгө жасалган кадамдар. Өнүгүү – адам өзүнүн күнүмдүк жашоосунда оң өзгөрүүнү сезгенде гана чыныгы маанисине ээ болот.
Элибиздин турмушун жеңилдетүүгө, жакшыртууга багытталган мындай өзгөрүүлөр жети дубаныбызда тең, тынымсыз уланууда жана мындан ары да уланууга тийиш!
Ардактуу мекендештер!
Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык.
Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз.
Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө!
Ары сыймыктуу, ары мээнеттүү бул сапарда ар бир кыргыз жараны өз ордун билип, таза ниет менен эмгек кылып, жасалган иштерге калыс баа берип, мамлекетке кол кабыш кылганда гана мамлекет күчтүү болот.
Айрыкча, азыркы жаш муун бул максатты ишке ашырууда бизге арка-бел болот деп бекем ишенем.
Бүгүн мен үмүт кылган жаштарыбызга Акелердин эң улуусу Карга акенин:
“Кайратты элден ал,
Келбетти жерден ал.
Тазалыкты суудан ал да,
Ынтымакты туудан ал!” деген насыят кебин айта кетейин.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кудай буюрса, Кыргызстаныбыздын келечеги кең! Анткени эгемендигибиздин баасы менен баркын билген элибиз, журтубуз бар. Мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабаган, отуна күйүп, суугуна тоңууга кайыл мекенчил жарандарыбыз көп. Нарк-насилин, каада-салтын сактаган жаштары арбын.
Бизге болгону улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган ынтымак гана керек! “Ынтымак жакшы – ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы” деген ата-бабадан калган дем менен ынтымагыбыздан жазбайлы.
Ар бирибиз Мекенди сүйүүнү сөзүбүз менен эмес, ишибиз менен көрсөтөлү.
Ошондо Таластын асманында бүгүнкүдөй бийик көтөрүлгөн кызыл туубуз жети дубанда, жети дубан борборунда бийик желбирейт.
Мекен – бизге берилген аманат болсо, эгемендик – бизге берилген бакыт! Мына ошол бактыбызды колдон чыгарбайлы.
Эгемендигибиз түбөлүктүү болсун!
Түндүгү нурга бөлөнгөн кырмызы туубуз ар дайым бийикте желбиресин!”.


