Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземине катышты.
Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды.
Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.
Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу – эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү, деми туюнтулган мамлекеттик туубуз элибиздин сыймыгы, журтубуздун биримдиги, мамлекетибиздин тарыхы, ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенине токтолду.
“Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, “Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!» деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кулагында жаңырып турушу керек”, - деди Президент.
Ал өлкөнү бекемдөөнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттары — элдин биримдиги жана биргелешкен эмгек экенин өзгөчө белгиледи. Коомдун биримдиги гана адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлорду ырааттуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
“Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз.
Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө!”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров элдин биримдигин сактоого, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей коргоого жана ар бир адамды өз иши менен Мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө чакырды. Мамлекет башчысы белгилегендей, эл биримдикте болуп, жакшы салттарыбызды жана улуттук баалуулуктарыбызды сактаганда гана күчтүү Кыргызстанды куруп, кийинки муундарга татыктуу келечек калтыра алабыз.















