Касым-Жомарт Токаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди
Новость

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Казакстандын президенти Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуп, мелдештердин жыйынтыгы адилеттүү болгонун белгиледи.

"Бул ири спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары адилеттүү болду. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык билдирем", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ал ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элдердин ортосундагы достукту бекемдеп, түрк дүйнөсүнүн жалпы аброюн көтөрүүгө кызмат кыларын белгиледи.

Токаев кыргыз жана казак элдерин ата-бабадан калган өз ара урматтоо жана түбөлүк достук байланыштырып турарын айтып, бул баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүү жалпы милдет экенин баса белгиледи.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүп, ага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн спортчулары катышты.