Президент Садыр Жапаров: Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү болуп саналат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.

Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында өттү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Айтматов районунун ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары!

Жалпыга жакшы маалым болгондой, Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык маарекесинин эл аралык ири иш-чаралар, көчмөн цивилизациясынын жаңыртылган формадагы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” менен коштолушу көз карандысыз өлкөбүздүн абырою ого бетер арттырды. 

Ал эми бүгүнкү кыргыз элинин руханий дүйнөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон “Айтматов ааламы” тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин ачылышы – аалам сыйлаган Айтматовдун кичи Мекенин эле эмес, жалпы Кыргызстанды тааныта турган дагы бир маанилүү долбоор болуп калмакчы.

Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет. 

Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси. 

Мына ушул өңүттөн алганда, “Айтматов ааламынын” дал Талас жергесинде, Шекер айылында ачылышы ары символикалуу мааниге ээ. Анткени “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” деген терең ойду дагы бир ирет ырастап турат. Ага жараша дүйнө талкууга алып, Айтматовдун каармандары ойдон чыгарылбаган, ушул чөлкөмдөгү реалдуу жашаган адамдар экенин дал ушул “Айтматов ааламы” таанытат. 

Чыңгыз агабыз ар кыл каармандары аркылуу таасын сүрөттөгөн адамдык абийир, тарыхый эс тутум, эне тил, мекенге болгон жоопкерчилик сыяктуу түшүнүктөр бүгүн да актуалдуу. Ал тургай, дүйнө өзгөрүп, жаңы технологиялар жашообуздун бардык тармагына кирип жаткан тапта Айтматов туюндурган баалуулуктарга дүйнө суусап турат. Чындыгында эле илимий технология адамдын мүмкүнчүлүгүн кеңейткени менен анын ким экенин руханий дүйнөсү аныктайт эмеспи.

Урматтуу мекендештер!

Деги эле жалпы музейлер, анын ичинде “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси дагы элдин эс тутумун сактоо менен сыймыкты арттырган, ар-намыска чакырган руханий жай болуп саналат.

Ар бир экспонат, ар бир документ, ар бир сүрөт жана ар бир чыгарма келечек муунга өткөн доордун добушун жаңыртып турат.

Бүгүн “Айтматов ааламы” мына ушундай милдет менен эле чектелип калбай агартуунун, илимдин, маданияттын жана руханий тарбиянын борборуна айланууга тийиш.

Бул жерде Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын кийинки муун үчүн жаңы мааниси ачылып, илимий жана маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу зарыл.

Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү болуп саналат. Анткени Айтматов – адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырган, ар кыл маданияттар менен диндердин карама-каршылыгын эмес, алардын өз ара түшүнүүсүн жана диалогун жактаган, келечек үчүн коңгуроо каккан жалпы адамзаттык деңгээлдеги нравалык лидер!

Кадырлуу мекендештер, биз акыркы беш жылда Союз тараганда талкаланып, бүлүнгөн имараттарды кайра калыбына келтирип, он жылдап токтогон курулуштарды аягына чыгарып, аларга жаңы дем берип, эл кызматына киргизип келе жатканыбызга өзүңүздөр күбөсүздөр. “Айтматов ааламынын” курулушу башталып, бир топ жылдан бери токтоп калган эле. Мына ошол долбоор быйыл ишке ашып олтурат. Ошондуктан, учурдан пайдаланып, бул долбоорду ишке ашырууга катышкан бардык тараптарга терең ыраазычылык билдире кетейин. 

Урматтуу агайын-туугандар, айрыкча жаштар!

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү технологиялык жетишкендиктер менен катар көөнө тарыхы менен улуттук баалуулуктарын изилдеп, экөөнү эриш-аркак алып кетүүгө багыт алышты. 

Биз дагы өзөгүбүздү жоготпой, уңгужолубузга түшүү менен Жаңы Кыргызстанды куруу жолуна сапар алдык. Бул сапарда өз элинин турмушунан баштап, адамзаттык деңгээлдеги ой-толгоолорду жарата алган Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу бизге шам чырак болуп берери шексиз.

Кыргыздын демин дүйнөгө жеткирген алп жазуучубуздун жолун улоо биз үчүн чоң сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик!

Биз дүйнөлүк ойчулдун жолун улантуучу кийинки муун катары, Айтматов баштап кеткен интеллектуалдык жөрөлгөнү улап, “Ысык-Көл форумунун” 40 жылдыгын Евразия чөлкөмүнө таанымал, азыркы заманыбыздын таанымал философтору менен биргеликте эл аралык бийик деңгээлде өткөрдүк. 

Улуу кыргыз ойчулунун 100 жылдык маарекесин татыктуу белгилөө үчүн эртелеп атайын Жарлык кабыл алдым. Бул багытта Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы да бекитилип, Уюштуруу комитети ишин баштады. 

Кезинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы опера, балет, кино, театр, сүрөт өнөрү сындуу искусствонун бардык тармактарына таасир эткен эле. Бүгүнкү креативдүү индустрия, маданий инновациялар чоң роль ойноп жаткан маалда да уникалдуу маданий баалуулуктарыбыздын, бай тарыхыбыздын,  адабиятыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен “Кыргыз реннесансын” кайра жаратабыз деген ишенимдемин. Жакынкы келечекте бүгүнкү күндүн Айтматовдору, Айтиевдери, Океевдери, Чокморовдору жана башка залкарлары чыгат деген үмүтүм зор!

Андыктан, бул жерге келген ар бир кыргыз жараны өз тарыхын дагы бир жолу таанып, өзүнүн улуттук наркын сактоого, руханий маданиятын байытууга азык алгандай деңгээлге жетишибиз абзел. 

Ошол эле маалда чет өлкөдөн келген меймандарга бул жерден кыргыз элинин улуу тарыхын, бай маданиятын жана ыйык руханий мурасын таанытууга жан үрөйлү. Ошону менен бирге, Айтматовдун жалпы адамзатка жасаган чакырыгын эң оболу биз, жердештери аткаралы.

Эр Манастын улуу мурасы менен Айтматовдун адамзаттык ой дүйнөсү бириккен бул касиеттүү жерде жаңы муундун руханий дүйнөсү байый берсин!

“Айтматов ааламы” тарыхый-маданий музей-комплекси куттуу болсун!

Кыргызстаныбыздын келечеги кең, элибиздин эртеңи жарык болсун!”