Бүгүн, 12-сентябрда Кочкор районунун Теңдик айылында жаңы салынган курулуш материалдарын өндүрүүчү завод өлкө башчы Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда салтанаттуу ачылды.
Өнөр жай ишканасы жеке ишкер тарабынан 67 миллион сомго курулуп, күнүнө 60 тоннадан 100 тоннага чейин доломит ташын майдалап, курулуш материалдарын өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Башкача айтканда, заводдон шпатлевка, гипс өндүү курулуш материалдары өндүрүлөт.
Ишкана 16 жумуш ордун түздү.

