Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагындагы Кур Терек участкасында "Фрунзе курулуш материалдары" жоопкерчилиги чектелген коомунун асфальт-бетон заводу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий ачылды.
Асфальт-заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 300 тоннаны түзөт. Ал эми таш майдалоочу завод саатына 400 тонна кум-шагыл даярдоого ылайыкталса, бетон завод саатына 200 куб бетон даярдоого мүмкүнчүлүгү жетет.
Жалпы завод ишке кирсе 100гө жакын адам жумуш орду түзүлүп жол курулушуна керектүү материалдардын баардык түрү өндүрүлөт.


