МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте Улуттук шахмат академиясынын ачылышына катышты
Новость

13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясынын ачылыш аземине катышты. Шахмат академиясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдары шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жана «Кыргыз шахмат союзунун алдындагы Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» Жарлыктарына ылайык түзүлдү.

Академиянын негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоо, талантуу жаштарды таап, колдоо көрсөтүү жана өлкөдөгү шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүү. Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы академияда жаш шахматчылар үчүн түзүлгөн окуу жана машыгуу шарттары менен таанышты.

МинКаб башчысы шахматчылардын ата-энелери менен баарлашып, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүшү үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыктары өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө жаңы дем бергенин баса белгиледи. Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3-5-класстын окуучулары үчүн «Мектепте шахмат» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылууда.

«Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишмердүүлүгүн баштады. Ал талантуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө ала турган спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга салым кошот деп ишенем», — деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символикалык биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишин расмий ачты.

Жаңы академия жаш шахматчыларды окутуу жана даярдоо, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү үчүн аянтча болуп, Кыргыз Республикасында шахмат спортун андан ары өнүктүрүүгө кызмат кылат.