Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын "Эмгек Баатыры", III даражадагы «Манас» ордени, "Эрдик" ордени, "Даңк" ордени, "Достук" ордени, "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын эл врачы" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын жаратманы" ардак наамы, "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамы, "Ардак" медалы тапшырылды.