Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйынына катышты.
Жыйынга Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Адылбек Касымалиев жыйынды ачып жатып, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системаны өз ара баалоонун үчүнчү айлампасы бул багыттагы иш-аракеттерди мындан ары өркүндөтүүдө маанилүү этап болуп саналарын белгиледи.
"Биз улуттук системага объективдүү жана ар тараптуу баа берүүгө ачыкпыз жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турган сунуштарды күтөбүз", — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Ал мамлекеттик башкарууну чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттары бойдон кала берерин белгиледи.
Кыргыз Республикасы бул тармактагы мыйзамдык базаны ырааттуу түрдө өркүндөтүп жатат. Өз ара баалоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча кылмыш-жаза мыйзамдары жаңыланып, виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу укуктук база түзүлдү.
Көмүскө экономиканы кыскартууга жана экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта мамлекеттик башкарууну, ошондой эле салык жана бажы тармагындагы башкарууну санариптештирүү боюнча чаралар ишке ашырылууда.
Көрүлүп жаткан чаралар мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өсүшүнө салым кошуп жатканы белгиленди.
Мисалы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1%ды түзүп, ИДПнын көлөмү болжол менен 2 триллион сомго жетти.
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан башкарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик үч эсеге — 2021-жылдагы 106 миллиард сомдон 2025-жылы 308 миллиард сомго чейин өстү.
Ошол эле мезгил аралыгында бажы түшүүлөрү 47 миллиард сомдон 157 миллиард сомго чейин көбөйдү.
Өлкөнүн мындан ары да динамикалуу жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа бекитилди.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны иштеп чыгууда санариптик технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар жана өзгөрүүлөр да эске алынууда.
Жыйындын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун Кыргыз Республикасына болгон баалоо миссиясынын программасы сунушталды, ошондой эле даярдык иштеринин жүрүшү жана Кыргыз Республикасы тарабынан жүргүзүлүүчү өз ара баалоонун үчүнчү айлампасына даярдыгы каралды.
Жыйындын катышуучулары Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясын иштеп чыгууну, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу, бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды сунуштоо жана ишин жүргүзбөгөн юридикалык жактарды жоюу маселелерин талкуулашты.

