Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Отурумда алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев сегиз айдын экономикалык жыйынтыктарына токтолуп, анда туруктуу өсүш сакталып жатканын билдирди. Маселен, ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү.
“Негизги капиталга инвестициялар 61,2%га, курулуш 61%га, өнөр жай 8,8%га, айыл чарбасы 6,4%га өстү. Бул – жакшы көрсөткүчтөр. Акыркы күндөрү өлкөбүздө жакшы иштер көп болду. Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди, 60 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калбашыбыз керек. Биз үчүн өсүштүн саны гана эмес, анын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүшү жана элдин жашоосуна тийгизген таасири маанилүү. Ар бир министрлик, ар бир мамлекеттик орган өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү талдап, артта калган багыттар боюнча ишти күчөтүшү керек”, – МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Андан соң “2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов тарабынан баяндалып, аны Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жактырды.
Чечим медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан саламаттык сактоодо каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин, бөйрөк оорулары боюнча да мамлекет чоң чыгымдарды өзүнө алып жатканын белгиледи.
“Бирок биздин максат адамды гемодиализге жеткиргенден кийин дарылоо эмес, ага жеткирбөө болушу керек. Бөйрөк оорусун эрте аныктап, алдын алуу – бүгүнкү негизги милдет. Ошондуктан бүгүн каралып жаткан 2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программа – бул миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн сактоо, үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн азайтуу жана мамлекеттин миллиарддаган каражатын натыйжалуу пайдалануу маселеси”, – деди ал.
Жыйында ошондой эле, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, кабыл алынды.
Региондорду өнүктүрүү боюнча токтомдун негизги максаты – өлкөнүн бардык аймактарын тең салмактуу өнүктүрүү, жер-жерлерде жумуш орундарын түзүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу.
Бул жолку жыйында кабыл алынган чечимдер өз убагында жана толук аткарылышы керектигин белгилеген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, отурумдун күн тартибине кирген маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.