Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, колдонууга берилди. Бул маанилүү социалдык объекттин курулушу 2023-жылы башталган.
Эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 874 чарчы метрди түзөт. Долбоорду ишке ашырууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 58 217 220 сом каражат бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулуш иштери жүргүзүлүп, бала бакчанын айланасы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылып, керектүү эмеректер жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Жаңы бала бакчада бөбөктөрдүн билим алуусуна, тарбияланышына жана ар тараптуу өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн.


