Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитине катышууда
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитине катышууда.

Саммиттин катышуучу мамлекет башчыларын иш-чаранын алдында Кореянын Президенти Ли Чжэ Мён тосуп алды. 

Саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары иш-чарага катышуу үчүн залга киришти.